Аксыда эки аялды өз үйүнөн өлтүрүп кетишкен

16 ноября 2017 13:02 848 Barometr
Поделиться в:
ok

Жалал-Абад областынын Аксы районуна караштуу Коргон кыштагында эки аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда, аталган областтын ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, маркумдардын сөөгү 14-ноябрда табылган.

"Белгилүү болгондой, эки аял өзүнүн үйүндө өлтүрүлгөн. Милицияга болсо маркумдардын кошуналары кайрылышкан. Таӊ эртеӊ менен, болжол менен саат 11:00дөрдө, кошунасы ал аялардын үйүнө коноко барганда алардын каза болуп калганын көргөн. Бул иш боюнча Кылмыш кодексиинин «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иш козголду. Учурда иликтөө жүрүп, кылмышка катыштыгы барлар аныкталууда", - деп ведомстводон маалымдашты.

Ссылка: https://barometr.kg/content8746



Добавить комментарий