Туулган күнүӊүз менен! Путин Сооронбай Жээнбековду куттуктады

16 ноября 2017 12:44 795 Barometr
Поделиться в:
ok

Россия Федерациясынын башчысы Владимир Путин, Сооронбай Жээнбековдун атына куттуктоо телеграммасын жиберди. Бүгүн Кыргызстандын жаӊы шайланган президенти Сооронбай Жээнбековдун туулган күнү, ал 59 жашка чыкты.

Кремлден жөнөтүлгөн куттуктоо катын Кыргызстандын шайланган мамлекет башчысынын басма сөз кызматы таратты:

"Сизди туулган күнүӊүз менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм! Сиз мекендештердин ичинде, Кыргыз Республикасынын алдында  турган актуалдуу социалдык-экономикалык маселелерди чечүү үчүн көптү жасаган тажрыйбалуу мамлекеттик ишмер катарында татыктуу кадыр-баркка ээсиз. Буга сиздин жакында эле болгон президенттик шайлоолордогу жеӊишиӊиз ачык күбө. Сиз менен, биздин мамлекеттердин ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана кызматташтыкты мындан ары дагы бекемдөө боюнча активдүү иштешүүгө, конструктивдүү диалогго даяр экендигимди билдиргим келет", - деп Владимир Путиндин куттуктоо телеграммасында айтылат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8744



Добавить комментарий