19 жаштагы студент спирт ичимдигин ашыкча ичип алып каза тапты
Америкада 19 жаштагы Тимоти Пьяцца студенттик боордоштукка арналган иш-чарада 18 стакан алкоголдук ичимдик ичип каза тапкан. Студентти буга жогорку курста билим алган студенттер мажбурлашкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Тимоти жарым саат ичинде спирт ичимдектерин ашыкча ичип алгандан кийин эс-учун жоготуп жатып калган.
Полиция көзөмөл камерасы аркылуу окуянын кандай болгонун териштирп чыккан. Көрсө, жогорку курстагы студенттер аны ич деп кыйнашкан.
Тимотинин ден соолугу начарлап баштаганда ошол студенттер дарыгерлерди чакырбай алгач өз алдынча жардам берели дешкен.
Кийин балдар тез жардамды чакыралы деп чечишкенде, Тимоти эчак каза болуп калган болот.
Пенсильвания штатынын университетинин расмий өкүлү билдиргендей, Тимоти Пьяццанын өлүмүнө катыштыгы болгон 7 студент уставды бузгандыгы үчүн жазаланган.
Маркумдун атасы бул жетишсиз экенин айтып, мындай маарекелерге толугу менен тыюу салыш керек деп талап кылган.
Ссылка: https://barometr.kg/content8743
Добавить комментарий ×