Кыргызстанда бүгүн күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө болду
Поделиться в:
Бүгүн, 16-ноябрда, жергиликтүү убакыт боюнча саат 7:42де, Кыргызстандын территориясында, Ысык-Көл областында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу КРдын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Зилзаланын очогу Бөкөнбаев айылынан түштүк-батышынан 43 чакырымында, Каракол шаарынан түштүк-батышынан 105 чакырымында болгон.
Жер титирөөнүн3 баллдагы силкинүүсү Тоӊ жана Жети-Өгүз райондорунда байкалган.
Алдын ала маалыматарга ылайык, курман болгондор жана кыйроолор болгон жок.
Ссылка: https://barometr.kg/content8740
Добавить комментарий ×