Леонардо да Винчинин «Дүйнөнү сактоочу» картинасы 400 миллион долларга сатылды

16 ноября 2017 11:41 498 Barometr
Поделиться в:
ok

Белгилүү сүрөтчү Леонардо да Винчинин «Дүйнөнү сактоочу» аттуу картинасы Нью-Йорктогу Christie’s деген аукциондо 400 миллион долларга сатылды. Сүрөт дүйнө жүзү боюнча эӊ кымбат картина болду.

Аукциондо Леонардонун жибек кездемеси алгач 100 миллион долларга чыккан. Жарым сааттан кийин анын баасы төрт эсеге өскөн. Шедеврдин жаӊы ээси төлөй турган акыркы жыйынтыктоочу сумма 450 миллион доллардан ашты. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Мындай нерсе тарыхта качандыр бир убактарда аукциондордо сатылган чыгармалардын рекорду болуп кала берди.

Белгилесек, буга чейин россиялык миллиардер Дмитрий Рыболовлев улуу италиялык чебердин эмгегин төрт жыл мурун бир кыйла төмөн баада сатып алган болчу. Ал кездеме үчүн 127,5 миллион доллар төлөгөн.

«Дүйнөнү куткаруучу» сүрөтү – бул Леонардо да Винчинин азыркы күнгө чейин анын жеке коллекциясындагы жалгыз картина болуп саналат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8739



Добавить комментарий