Соцтармак: Дүркүрөгөн үлпөт тойлорго каршыбыз. Тойго адамдар миллиарддаган акчаларды чачып жатышат

16 ноября 2017 11:15 1923 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын жашоочулары үлпөт тойлорго жумшаган акчасына бир нече завод жана фабрикаларды курса деле болот да. Социалдык тармактын колдонуучусу Женни Жеӊиш кызы мына ушундай жыйынтыкка келди.

Ал Таластын тургундары тойго орто эсеп менен алганда канча каражат сарпташарын эсептеп чыкты.

Анын маалыматы боюнча, Талас шаарынын өзүндө эле ар жума сайын 65 үлпөт той, жылына 3400 той өткөрүлүп турат.

"Кыргызстанда жаш жубайлар үлпөт тоюн өткөрүү үчүн орто эсеп менен 694 550 сом жумшашат. Бул 10 000 доллардан да ашып кетип жатпайбы. Таластагы жаштар болбоду дегенде той үчүн жылына 34,000,000 доллар кетирип жатышат! Бул тойго эле кеткен акча. А бизде билесиӊер, тойдон тышкары дагы башка тойлорду өткөрүшөт. Мисалы, бешик той, тушоо той жана башкалары. Бул акчага алар өздөрүнүн бизнесин түртөп алса болот да. Мындай акчага Таласта эчак эле жылына бир нече завод-фабрика куруп коюшмак. Ошондо салынган инвестициялар ишке орношуу, калкты жумуш менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга өбөлгө түзмөк. Акчаны туура колдонгонду билбейбиз да, аны талаага чачканды эле билебиз. «Эл эмне дейт?» деген ой бизди жакырчылкка түртүп бүттү. Кимдир бирөө тойлор сулуулук салондору, ресторандар сыяктуу кичи бизнести ачууга жардам берет деп айтыптыр. Жоок!! Таласта көчөлөрдүн жарымын ушул сулуулук салондор ээлеп алганы мени капалантат! Окуучулар окуусун  таштап, ресторан менен салондордо практика кылып жүрүшөт. Өлкөнү өстүрүш үчүн эмне тойлорго ишенип кала беребизби?!

Талас областы – Кыргызстандагы эӊ кичине област. Калкы болжол менен 250,000 адамды түзөт. Республика боюнча мындай тойлорго канча акча кеоротуп жатышат", - деп ал нааразы болгон.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8737



Добавить комментарий