Маданият министри Султан Жумагулов жаш балеринанын талантына тамшанды

16 ноября 2017 10:28 1375 Barometr
Поделиться в:
ok

Маданият, туризм жана маалымат министри Султан Жумагуловду опера жана балет театрынын балеринасы Мэгуми Мацумото суктандырды.

Өзүнүн баракчасына министр ал балеринага чоӊ үмүт артарын жазган.

Жумагулов, Мацумото кыргыз балетине кайрадан жаралуусуна салымын кошот деп ишенет

"Мэгуми Мацумото – Кыргыз балетинин жылдызы!
Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында аншлаг. Зал күйөрмандарга толгон. «Жизелде» башкы каарманды Япониядан келген балерина Мэгуми Мацумото аткарып жатат. Белгилеп коюш керек, бул кереметтүү артистканын башка «партиясы» да бар, эм күнүмдүк турмушта: ал кыргыз үй-бүлөсүнүн келини. Кудайым өзү Чыгыш өлкөнүн талантына Кыргызстандын бул улуу искусствосунун кайрадан жаралуусунда ишкердүү катышуусу үчүн жиберди!»,-деп министр суктануусун билдирген.

Ссылка: https://barometr.kg/content8732



Добавить комментарий