Мордовиядагы жол кырсыгынан эки кыргызстандык кыз каза болду
Мордовия Республикасынын Зубово-Полянск районунда жол кырсыгы катталып, анн кесепетинен кыргызстандан барган эки кыз мерт кетти. Бул тууралуу россиялык ЖМКлар маалымдашты.
14-ноябрда, кечки саат он бир жарымдарда ФАД М-5 «УРАЛ» автожолунун 452 чакырымында, Новые Выселки кыштагында 1984-жылы туулган кыргызстандык тургун «Хенде Солярис» үлгүсүндөгү унааны айдап баратып автомашинаны башкара албай жолдун оӊ тарабынан четке чыгып кеткен. Унаа жарык берүүчү столбага барып сүзүлгөн.
Натыйжада айдоочу окуя болгон жерде дарыгерлер тарабынан кароодон өткөрүлгөн. Ал баш сөөгүнөн жабык жаракат алган жана баш мээси чайкалган. Унаанын ичиндеги жүргүнчүлөр: 1999-жылы жана 1994-жылы туулган эки кыргызстандык кыз тез жардам келгенге чейин, алган жаракаттарынан улам ошол жерден көз жумган. Айдоочу соо болгону аныкталган.
Ссылка: https://barometr.kg/content8707
Добавить комментарий ×