Атамбаев: «Элдин тынч жашоосун бузууну каалагандарга кыргыз армиясы каршылык көрсөтө алат»
Поделиться в:
Бүгүн, 15-ноябрда, Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеӊештин жыйынында президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын армиясы, элдин тынч жашоосуна тоскоол кылам дегендерге каршылык көрсөтө алат деп билдирди.
Анын айтымында, анын алты жылдык президенттик мөөнөт ичинде республикада Куралдуу күчтөрдө күчтүү реформа жасалды.
" Бизде азыр армиябыз бар, алты жыл мурун ал болгон эмес.Бизди согуш менен коркутушуп, чек арада үгүттөөлөрдү уюштурушкан кезде мен түнү менен көз ирмебей уктабай ойлонуп чыкчу элем. Азыр болсо биздин өзүбүздүн жаӊы армиябыз бар, ал бизди биздин жарандардын тынч жашоосуна бүлүк салууну каалагандардан коргой алат", - деп эсептейт А.Атамбаев.
Ссылка: https://barometr.kg/content8704
Добавить комментарий ×