Атамбаев: «Кечиримди мен эмес, Кыргызстандын ички иштерине наадандык менен кийлигишип жаткандар сурасын»

15 ноября 2017 14:30 2966 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 15-ноябрда, Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеӊештин жыйынында президент Алмазбек Атамбаев, Казакстандагы чек ара мсаелесине түшүндүрмө берип жатып, өлкөнүн мурунку президенттери Аскар Акаев жана Курманбек Бакиев сыяктуу кошуна мамлекетке ийилип таазим кылуу ниети жок экенин айтты.

 

Атамбаев эске салды: "2014-жылы Өзбекстандын президенти Кыргызстандын түштүгүндө газды өчүрүп салган. Ошондо ал эч кимге ийилип берген эмес".

 

"Түштүктүн жашоочулары газ жок отурган. Ошондо айрым саясатчылар Акаев менен Бакиев кылгандай мени кечирим сурап баруумду талап кылышкан болчу. Азыр да парламенттин кээ бир депутаттары мени ийилип барса деп кыйкырып жатканын уктум. Мен эмне үчүн кечирим сурашым керек экен? Мен, шайланган президент катары, кошуна өлкөдөн Кыргызстандын ички иштерине кийлигишпөөсүн талап кылгам. Антүүгө менин толук укугум бар. Же мен эмне Кыргызстандын мыйзамын сыйлоону талап кылганым үчүн кечирим сурашым керекпи? Кимди президент кылып шайлайбыз муну бизге эч кимиси таӊуулабашы керек»,-деп нааразы болду президент. 

Атамбаев ал эмес, Кыргызстандын ички иштерине наадандык менен кийлигишип жаткандар кечирим сурашы керек деп баса белгиледи.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8700



Добавить комментарий