Ысык-Көлдө туристтин телефонун уурдап алган эки тургун колго түшүрүлдү

15 ноября 2017 11:41 599 Barometr
Поделиться в:
ok

Буга чейин жайкы туристтик сезондо Бишкектен келип эс алып жаткан жарандын уюлдук телефону уурдалгандыгы тууралуу айтылган. Төрт айдан кийин Ысык-Көл областык ички иштер бөлүмүнүн милиция кызматкерлери тарабынан Нарын областынын 20 жаштагы Ж.Кубанычбек жана 17 жаштагы К.Талант аттуу эки тургуну кармалган.

Алар жасаган ишин моюнга алышкан. Мындан тышкары, алардан далил катары уурдалган уюлдук телефон табылган.

ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө эки тургундун мындан бөлөк да уурулукка катыштыгы бар экени аныкталган.

Алар өздөрү берген көрсөтмө боюнча, Россия менен казакстандан келген эс алуучулардын мүлктөрүн уурдашкан.


26-июлдан 2-августка чейин жарандар тарабынан жалпысынан 200 АКШ доллар, 478 миӊ тенге, 59 миӊ 600 рубль, 27 миӊ 690 сом, баасы 34 миӊ сомду түзгөн баалуу металлдан жасалган кооздуктар, «Айфон-5С», «Айфон-6», «Самсунг» үлгүсүндөгү уюлдук телефондор, Asus планшети, жеке документтер жана банктык карточкалар уурдалган. Бул фактылар боюнча өз учурунда КРдын Кылмыш кодексинин 164-Уурулук беренеси менен кылмыш иши козголгон болчу.

Кармалган жарандар учурда Ысык-Көл райондук Ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилип, иликтөө иштери уланууда.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8686



Добавить комментарий