Эртеӊ Бишкектин айрым райондоруна таза суу берилбейт
16-ноябрда саат 9.00дөн кечки саат 19.00гө чейин Бишкектин айрым райондоруна ичүүчү таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу «Бишкексууканал» башкармалыгынан маалымдашты.
Керимбеков көчөсүндөгү Д=150 мм суу түтүгүндө жүргүзүлгөн оӊдоо-монтаждоо иштерине байланыштуу Манас, Пушкин, Исанов, Токтогул көчөлөрү менен чектелген райондорго таза суу берилбейт.
Анын ичинде төмөнкү имараттарга суу берүү токтотулат: Россия элчилиги;
· № 51 бала бакча;
· БУУ Өнүгүү программасы имараты;
· "Бишкек-Парк" соода борбору;
· Демир Банк, Тез жардам станциясы.
Аталган ишкана келтирилген ыӊгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жарандар, уюмдар менен мекемелерден таза сууну камдап алууларын өтүнөт.
Ссылка: https://barometr.kg/content8682
Добавить комментарий ×