Ошко жылуулук бериле баштады
Ош шаарына жылуулук берилди. Бул тууралуу «Электр станциялары» коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Ведомствонун маалыматына ылайык, бүгүн, 15-ноябрда, саат 00-00дөн баштап Ош ЖЭБинин жылуулук-механилкаык жабдыктары иштеп баштады.
"Биринчи кезекте саламаттыкты сактоо жана билим берүү мекемелерине жылуулук берилет. Андан кийин карызы жок мекемелерге бериле баштайт", - деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, Бишкекте жылуулук 17-октябрда эле берилген. Бирок көптөгөн шаар тургундары сырттагы жылуу аба ырайынан улам үйдүн ичи ысып жатканын айтып арызданышкан.
Буга чейин, 2-ноябрда, парламенттин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Азамат Арапбаев мындай ысырапчылык үчүн өкмөттү сынга алган.
Ссылка: https://barometr.kg/content8674
Добавить комментарий ×