Жанар Акаев: "Кумтөрдүн" кызматкерлери жарандык активисттерди салкын тосуп алды
«"Кумтөрдүн" кызматкерлери жарандык активисттер менен депутаттарды жактырбаган маанай менен тосуп алышты»,-деп эсептейт парламенттин депутаты Жанар Акаев.
Кечээ, 14-ноябрда, депутат социалдык тармактардагы өзүнүн баракчасына депутаттар жана жарандык активисттер менен болгон жолугушууда «Кумтөрдүн» кызматкерлери жаӊылыш суроолду берип компаниянын кызыкчылыгын коргошту.
Депутат бул Centrra Gold Inc ишканасы тарабынан уюштурулган үгүт деп эесептеген.
"Центерра провокация уюштуруп дасыгып калыптыр. Кумтордун жумушчуларын чогултуп, кенге келген депутаттарга жана жарандык коом өкүлдөрүнө каршы суроолорду жаадырып башташты. Макул деп добуш берчү айрым депутаттар да иренжип калды булардын кылыгына. Канадалыктар кыргыз саясатын каалагандай калчап калган деген сөз туура окшойт...", - дейт нааразы болгон депутат.
Эске салсак, кечээ, активисттер менен депутаттар «Кумтөргө» барып келишкен. Анда ишкананын өкүлдөрү менен өкмөт мүчөлөрү аларды Двыдов менен Лысый мөӊгүлөрүнүн абалы менен тааныштырган.
Белгилесек, буга чейин Бишкекте Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө каршы митинг өткөн.
Ссылка: https://barometr.kg/content8672
Добавить комментарий ×