Бүгүн Кыргызстан боюнча жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт
Кыргызгидрометтин берген маалыматына ылайык, түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарынын айрым тоолуу райондорунда жамгы жаайт, ал эми калган аймактарда күн ачык болот.
15-ноябрда күндүз жана 16-ноябрда түнкүсүн терииториянын көпчүлүк бөлүктөрүндө жаан-чачын күтүлөт, Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана тоо этектериндеги райондордо карга айланган жаан жаап, тоолорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзөт. Ысык-Көл акваториясы боюнча соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.
Бишкекте бүгүн, күн ачык болот, күндүз мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт, жаан карга айланышы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзөт.
Түнкүсүн: +1…+3
күндүз: +6…+8
Чүй областы
түнкүсүн: -1…+4
күндүз: +4…+9
Талас областы
түнкүсүн: -4…+1
күндүз: +4…+9
Баткен областы
түнкүсүн: -1…+4
күндүз: +7…+12
Ош жана Жалал-Абад областтары
түнкүсүн: -2…+3
күндүз: +7…+12
Ысык-Көл областы
түнкүсүн: 0…-5
күндүз: +3…+8
Нарын областы
түнкүсүн: 0…-5
күндүз: +3…+8
Ссылка: https://barometr.kg/content8667
Добавить комментарий ×