Атамбаев кафель чыгарган заводдун ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты

14 ноября 2017 16:09 768 Barometr
Поделиться в:
ok

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 14-ноябрда, Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айылында жайгашкан кафель өндүрүүчү заводго барды.

Анда мамлекет башчы өндүрүү кубаттуулугу 10 млн чарчы метр кафелди түзгөн заводдун ишмердүүлүгү менен таанышып, даяр продукциялардын үлгүлөрүн карап чыкты.

Ишканада учурда бир өндүрүш линиясы иштейт, экинчи линия 2018-жылы ишке киргизилмекчи.

План боюнча салынган инвестициялардын көлөмү – 50 млн АКШ долларын түзөт, иш жүзүндө болсо заводдун курулушуна 30,ң млн АКШ доллары сарпталган.

Заводдун башкы директору Чжо Дайсю өндүрүш процессинин өзгөчөлүкөрү тууралуу айтып берди. Ал келечекте ишканада 400 адамга эсептелген жумушчу орун түзүлөт деп билдирди. Завод толу кишке киргенде анда эмгектене турган жумушчулардын 90 пайызын кыргызстандык жарандар, ал эми 10 пайыззын чет өлкөлүк ишчилер түзмөкчү.

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев ишкананын жетекчилигине ыраазычылык билдирди жана өлкө заводду кеӊейтүү, белгиленген пландарды ишке ашырууда толук көмөк көрсөтөт деп  белгиледи.

Ссылка: https://barometr.kg/content8647



Добавить комментарий