Кийинки жылы мугалимдер менен дарыгерлердин айлыгы жогорулабайт
Кийинки жылы мугалимдер менен дарыгерлердин маянасын жогорулатуу каралган жок. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда, Каржы министри Адылбек Касымалиев конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитеттин жыйынында билдирди.
Белгилесек, учурда комитет республикалык бюджеттин 2016-жылга карата аткаруу боюнча отчетту бекитүү, ошондой эле 2018-жылга карата республикалык бюджет жана 2019-2020-жылдарга карата болжолдоолорду карап жатат.
Жыйындын жүрүшүндө депутат Иса Өмүркулов кийинки жыл үчүн мугалимдер жана дарыгерлердин айлык акысын көтөрүү тууралуу маселе каралдыбы деп кызыкты. Министр буга 2015-жылы мугалимдердин айлыгы, а быйыл саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин маянасы жогрулатылганын айтып, кийинки жылы болсо айлык кошуу каралган жок деп жооп берди.
"Өкмөт 3 жылдык программаны кабыл алды. Ага ылайык, маморгандарда иштеген кенже жана техникалык тейлөөчү персоналдын маянасы жогорулатылат. Бул максаттар үчүн 335 миллион сом бөлүндү. Кийинки жыл үчүн 1 миллиард бөлүүнү карап жатабыз", - деди ал.
Мындай жооп депутатты канааттандырган жок, эл өкүлү кайрадан мугалимдер менен дарыгерлердин айлыгы көтөрүлөбү деп сураганда министр ага «жок» деген жоопту айтты.
Ссылка: https://barometr.kg/content8644
Добавить комментарий ×