Президенттин басма сөз кызматы Жээнбековдун инаугурациясына жумшалчу чыгымдарды түшүндүрдү

14 ноября 2017 14:27 776 Barometr
Поделиться в:
ok

Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясын уюштурууга акыркы смета ббекитиле элек. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Инаугурация салтанатын өткөрүү үчүн смета али бекитиле элек жана азыркы тапта ал тиешелүү ведомстволордо макулдашуу процедурасынан өтүп жатат деп такташты.

"Каржы министри Адылбек Касымалиев 13-ноябрда Жогорку Кеӊеште аталган расмий иш-чараны уюштурууга бюджеттен каралган 13,1 млн сомго чейинки көлөмдөгү каражатты гана айтты. Ал эми КРдын өкмөт жана президентинин иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, иш жүзүндө чыгымдар суммасы бир кыйла төмөн болушу болжонууда", - деп президенттик аппараттан белгилешти.

Белгилесек, чыгымдар сметасы: имаратты жасалгалоо, транспорттук кызматтар, жабдыктарды ижарага алуу, президенттин кызматка расмий киришүүсүнүн урматына расмий жактарды кабыл алуу, концерттик программа, типографиялык кызматтар жана башка расмий чыгымдарды түзгөн бир катар иш-чараларды өзүнө камтыйт.

Ссылка: https://barometr.kg/content8642



Добавить комментарий