Ошто айдоочу 10 жаштагы кызды сүзгөн, натыйжада кыз каза тапты
Поделиться в:
Ош областында айдоочу 10 жаштагы кызды сүзүп кетип, натыйжада кыз каза тапкан.
Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, окуя кечээ, 13-ноябрда болжол менен саат 12.30дарда, Ош-Аэропорт автожолунун участогунда болгон. Иликтөөнүн алдын ала версиялары боюнча, "Хонда Стрим" автоунаасы жолдо келе жаткан. Бул учурда жолду жээктеп апасы кызын ээрчитип бара жатышкан.
Апасы кызын колунан кармап бараткан, бир аз убакыттан кийин кыз апасынын колун кое берип жолго чуркап чыккан. Бул убакта унаанын айдоочусу унааны токтотууга жетишпей калган. Натыйжада кызды сүзүп кеткен. Милициядан билдиришкендей. Ал кыз бешинчи класстын окуучусу болгон. Азыркы тапта иликтөө уланууда.
Ссылка: https://barometr.kg/content8632
Добавить комментарий ×