Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев жыйында “Көтөрмө” айылындагы мектеп жана Токтогул районуна бөлүнчү компенсация тууралуу маселе козгоду

16 февраля 2017 11:04 342 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин  жыйынында “СДПК” фракциясынын депутаты Осмонбек Артыкбаев  Токтогул районунун “Көтөрмө” айылындагы  К. Чокоев атындагы №18 мектептин    калың кардан  улам көтөрө албай чатыры урап калганын айтып  “балдарды башка мектепке которуп, тез арада  бул ишти колго алыш керек. Балдардын коопсуздугу  сакталышы зарыл”-деди Эл өкүлү. Мындан сырткары  Токтогул ГЭСи курулат деп  эл көчүрүлгөндө мыйзамга ошол аймакта жашаган элге компенсация төлөп берүү каралган, бирок ал бүгүнкү күнгө чейин каралбай ишке ашпай жатканын айтып, өкмөттөн муну тез арада колго алуу керектигин айтты. 

Ссылка: https://barometr.kg/content863



Добавить комментарий