Бишкектин кээ бир райондоруна таза суу берилбейт
Бүгүн, 15-ноябрда, Бишкектин айрым райондорунда саат 9:00дөн 19:00гө чейин ичүүчү таза суу берилбейт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Раззаков көчөсүндөгү суу каналында жүргүзүлүп жаткан авариялык-оӊдоо иштерине байланыштуу Орозбеков, Абдумомунов, Бөкөнбаев көчөлөрү, Эркиндик проспектисинде жайгашкан үйлөргө таза суу берилбейт. Анын төмөнкү даректерге берилбейт:
- Россия соода өкүлчүлүгү;
- «Москва» бизнес-борбору;
- Германия элчилиги;
- Япония элчилиги;
- Раззаков 43 көчөсүдөгү медборбору;
- мамлекеттик архив, №3 лицейи;
- И.Арабаев атындагы Кыргыз гуманитардык университети;
- Айыл чарба жана мелиорация министирлиги;
- Тарых музейи;
- Маданият жана туризм министрлиги.
Ссылка: https://barometr.kg/content8626
Добавить комментарий ×