Ала-Тоо аянтында президентке арналган «Кыргызстандын тарыхында 6 жыл» аттуу көргөзмө ачылды

14 ноября 2017 10:31 909 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекте Ала-Тоо борбордук аянтында «Кыргызстандын тарыхында алты жыл» аттуу сүрөт көргөзмө ачылды. Көргөзмөдө Алмазбек Атамбаевдин ишмердүүлүгү тууралуу сүрөттөр коюлган.

Бардыгы болуп жүздөн ашуун сүрөт коюлган. Анда мамлекет башчынын расмий жолугушулардагы сүрөттөрү эле эмес, ошондой эле, буга чпейин коомчулукка белгисиз, коомчулукка жеткиликсиз болгон кадрлар дагы көрсөтүлдү.

Сүрөттөрдүн автору, КРдын президенти Алмазбек Атамбаевдин жеке сүрөтчүсү Султан Досалиев белгилегендей, көргөзмөнүн максаты – акыркы жылдарда болуп өткөн окуяларды, анын ичинде мамлекет кантип өзгөргөнүн жана Кыргызстанда Алмазбек Атамбаевдин президенттик учурунда кандай маанилүү окулар болгонун ачык көрсөтүү.

"Бул жылдар аралыгында биз президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусундагы жүздөгөн иш-чараларды чагылдырдык, буга расмий жолугушуулар да, иш сапаралар да, жаӊы социалдык объекттердин ачылышы да, биздин өлкөнүн жарандары менен болгон жолугушуулар да кирет. Ар бир ишимде мен ошол окуялардагы эмоци, маанайларды кармап алып андагы атмосфераны элге тартуулаганга далалат кылдым. Көргөзмө өлкөбүздө 6 жыл ичинде болуп өткөн өзгөрүүлөрдүн масштабын баалоого мүмкүнчүлүк берет деп ишенем”,-деп белгиледи Досалиев.

Белгилесек, бул көргөзмө бир айга чейин уланат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8623



Добавить комментарий