Түндүк электр: “Акылдуу эсептегичтердин туура эмес эсептегенин айтып ишканага 180 арыз түшкөн, бирок баары негизсиз. Кайра эсептөө жүргүзүлбөйт”
“Түндүк электр” ишканасы Бишкек шаары боюнча электр энергия сатуу кызматы электр энергияга көбүрөөк чыккан эсепке макул эмес абоненттерден түшкөн арыздарды карап чыкты. Бул тууралуу компаниянын катчылыгынан билдиришти. Бир жуманын ичинде Бишкек энергия сатуу кызматына абоненттер тарабынан январь айында керектелген электр энергияга көбүрөөк чыккан эсепке 180 даттануу түшкөн. Даттануулардын жалпы санынан 173 каралып, жетөөсү учурда каралууда. Бардык кайрылган абоненттердин “акылдуу” эсептегичтерин түзүлгөн комиссия текшерди. Комиссиянын кортундусуна ылайык текшерилген эсептегичтер тийиштүү тактык классында талаптагыдай иштеп жатат, буга байланыштуу кайрылган абоненттерге кайра эсептөө жургүзүлбөйт.
Ссылка: https://barometr.kg/content862
Добавить комментарий ×