Плита үйдүн үстүнө кулап, натыйжада 5 киши оорукана жаткырылды

13 ноября 2017 18:12 629 Barometr
Поделиться в:
ok

Сокулук районуна караштуу Ново-Павловка айылында 11-ноябрда, бетондук плита үйдүн үстүнө кулап кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашкандай, окуя курулуш кранындагы трост үзүлүп кеткенден улам болгон.

«Натыйжада беш адам: 3 аял, 1 эркек киши жана кичинекей кыз жабыркаган. Бир аял алган жаракаттарынан улам ошол жерден жан берген. Калган жапа чеккен жарандар Бишкектеги травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна жаткырылды»,-деп аталган ведомстводон билдиришти.

Ссылка: https://barometr.kg/content8605



Добавить комментарий