Ош шаарында 21,2 млн.сом көпүрөгө капсула салынды
Поделиться в:
Бүгүн Оштогу Сай-Бою жана Тилеке баатыр көчөлөрүн бириктирген үчүнчү көпүрөнүн курулушуна капсула салынды. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин депутаттары, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаардыктар катышты. Көпүрөнүн узундугу 45 метр, тендердик баасы 21,2 млн.сом түздү. Ош шаардык жолдор башкармалыгынын башчысы Арзыбек Жунусовдун айтымында курулуш материалдар, көпүрөнүн сапаты бир нече кызматтар тарабынан тынымсыз көзөмөлгө алынат.
Ссылка: https://barometr.kg/content860
Добавить комментарий ×