Таласта жаран өзүнүн үйүнөн өрттөнүп күйүп кетти
Поделиться в:
Өткөн сутка ичинде, ушул жылдын 12-ноябрдан 13-ноябрга караган күнү Кыргызстанда 12 өрт катталды. Бул тууралуу КРдын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Талас областындагы Кара-Суу районунда Кенжалы көчөсүндө жайгашкан бардык мүлктөрү менен чогуу турак үй күйүп кеткен. Өрттөнгөн аянт 91 чарчы метрди түздү. Окуя болгон жерде 1971-жылы туулган үйдүн кожоюну С.К.К. аттуу эркек жарандын күйүп калган жансыз денеси табылды. Ал милицияга өткөрүлдү. Учурда өрт эмнеден улам келип чыккандыгы такталууда.
Ссылка: https://barometr.kg/content8598
Добавить комментарий ×