Ирандагы жер титирөөдөн курман болгондордун саны 164кө жетти

13 ноября 2017 13:02 731 Barometr
Поделиться в:
ok

Ирандык Press TV телеканалы Ирандагы жер титирөөнүн кесепетинен курман болгондордун саны 164тү түздү. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Жергиликтүү бийлик маалымдагандай, 1,6 миӊден ашуун адам жабыр тарткан.

Буга чейин 141 киши каза болгондугу жана миӊдей тургун жабыркагандыгы тууралуу билдирилген.

Европа жер ортолук деӊиз сейсмологиялык борбору жер титирөө 7,2 магнитудасында, базар күнү Иран менен Ирактын чектешкен аймактарында болгонун жазган. Зилзаланын силкинүүсү Багдаддын түндүк-чыгышынан 204 чакырым жана Керманшах шаарынын батышынан 104 чакырым жерде сезилген.

Жер титирөөнүн очогу 10 чакырым тереӊдикте болгон. Натыйжада Иракта алты адам каза тапты.

Ссылка: https://barometr.kg/content8584



Добавить комментарий