Бишкекте Россиянын жараны 9-кабаттан кулап түштү
Поделиться в:
Бишкекте тогузунчу кабаттан Россиянын жараны кулап түштү.
КРдын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 12-ноябрда, кечки саат беш жарымдарда куткаруучулар окуя болгон жерге барышкан. Анда Ч.Айтматов көчөсүн боюнча жайгашкан «Байчечекей» дүкөнүнүн чатырына эркек жаран кулап жыгылган.
Куткаруучулар 1990-жылы туулган россиялык жарандын денесин чатырдын үстүнөн алып түшүшкөн. Маркум батирдин 9-кабатынан кулаган. Анын сөөгү милицияларга өткөрүлдү.
Ссылка: https://barometr.kg/content8573
Добавить комментарий ×