Каржы министрлиги: “- Мал чарбачылыкка – 2 млрд 68,1 млн сом насыя берүү каралып жатат”
2017-жылы пайыздык чендерди субсидиялоого республикалык бюджеттен 700 млн сом каралган, анын 378,7 млн сому «Айыл чарбасын каржылоо – 4» долбоорунун 2-траншын субсидиялоого котрулуп берилет, ал эми 321,2 млн сому «Айыл чарбасын каржылоо – 5» долбоорунун 1-траншына которуп берүүгө багытталат. Аталган субсидиялык каражаттар республиканын айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөрүн 3 млрд 395,6 млн сом суммасындагы жеңилдетилген насыялар менен камсыздайт, анын ичинде:
- мал чарбачылык тармагына – 2 млрд 68,1 млн сом;
- өсүмдүк өстүрүүчүлүк тармагына – 670,6 млн сом;
- экспортко багытталган айыл чарба өндүрүшүнө, ошондой эле кайра иштетүү жана иштетүү тармагына 656,9 млн сом.
Азыркы учурда «Айыл чарбасын каржылоо – 5» долбоорун ишке ашырууга катышууга төмөндөгү 6 коммерциялык банк макулдук беришти:
- «Айыл Банк» ААК;
- «РСК Банк» ААК;
- «КЫРГЫЗСТАН коммерциялык банкы» ААК;
- «Бакай Банк» ААК;
- «Кыргыз Инвестициялык-кредиттик Банкы» ЖАК;
- «Оптима Банк» ААК.
Ссылка: https://barometr.kg/content857
Добавить комментарий ×