Ирак менен Иран чектешкен аймакта катуу жер титирөө болду

13 ноября 2017 10:44 760 Barometr
Поделиться в:
ok

Ирак менен Ирандын чектешкен жеринде дүйшөмбүгө караган түнү 7,2 баллдагы кату ужер титирөө катталды. Бул тууралуу «ВБ» билдирди.

Fars News Agency билдиргендей, каза тапкандардын саны 60ка жетип, 300дөй адам жабыркады.

Иран басылмаларынын маалыматына ылайык, өзгөчө Ирандын батышындагы Каср-э-Ширин, Илам, Керманшах шаарларында жер силкинүү катуу болгон.

Кызыл жарым ай коомунун жергиликтүү бөлүмү кырсык болгон жерге куткаруучу жана издөө топторун жиберген, районго кошумча куткаруучу бөлүмчөлөр жөнөтүлгөн. Аймактык бийликтин өкүлдөрү билдиришкендей, адамдар керектүү тамак-аш жана отун-суу менен камсыздалды. Стратегичялык объекттер, анын ичинде мунай газ инфраструктурасы жапа чеккен жок.

Ссылка: https://barometr.kg/content8562



Добавить комментарий