Текебаевдин адвокаты: «Мени камакка алып, же атып салышыӊар мүмкүн, бирок мен коркпойм»

13 ноября 2017 08:50 2203 Barometr
Поделиться в:
ok

Парламенттин мурунку депутаты Өмүрбек Текебаевдин адвокаты Канат Хасанов аны камап коет деп кооптонууда. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына билдирген.

Ал Суу кодексине карата болгон позициясы үчүн бийлик анын артынан түшөт деп ишенет.

Адвокат ошондой эле укук коргоо органдары жана өкмөт мүчөлөрү анын сынына таарынганын, ошон үчүн аны отургузууну каалаганын белгиледи.

Бирок Канат Хасанов, бийликтен коркпой турганын жазган. Ал эгер аны камакка алууга аркеттенишсе, анда укук коргоо органдары менен өкмөттүн айрым мүчөлөрү качандыр бир убакта бул кылган ишине жоо берет деген.

"Силер мени камакка алышыӊар, атышыӊар, кыйратышыӊар мүмкүн. Бирок кылган бардык иш үчүн жооп берүүгө убакыт келет. Бул кыямат күнү. Бирок силер ага ишенбейсиӊер", - деп жазган адвокат.

Ссылка: https://barometr.kg/content8555



Добавить комментарий