Эл аралык “Манас” аэропортунда балдар үчүн экскурсия уюштурулду

10 ноября 2017 17:05 566 Barometr
Поделиться в:
ok

“Манас” эл аралык аэропортунун жетекчилигинин демилгеси менен үстүбүздөгү жылы 6-ноябрда, “Жашылдандыруу курулуш” муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин балдары үчүн атайын экскурсия уюштурулду. Бул тууралуу компаниядан кабарлашты.

 

Чоӊ адамдардын коштоосунда 95 бала аэропортко келишти, алар үчүн кызыктуу маршрут даярдалган.

“Манас” жана “Манас-2” аэровокзалдык комплекстериндеги экскурсия уччурунда балдарга 1974-жылы курулган терминалдын тарыхы тууралуу айтылды жана аэропорттогу кызматтардын жумушу менен тааныштырышты.



Анда балдар жүргүнчүлөр текшерүүдөн кантип өтө тургандыгын өз көздөрү менен көрүп, ал тургай өздөрү дагы ал процедурадан өтүп көрүштү. Балдар үчүн негизги нерсе перронду аралап сейилдөө болду. Анда балдар Боинг-737 жана ИЛ-96 учактарын көрүштү.

 

Өзгөчө эркек балдар учактарды көргөндө тамшануусун жашырышкан жок. Алардын көбү учкуч болууну кыялданганын айтышты.


Белгилесек, аталган ачык акционердик коому өсүп келаткан муунду колдоп келет жана дайыма аэропортто балдар үчүн мындай экскурсияларды уюштуруп келет.

Ссылка: https://barometr.kg/content8545



Добавить комментарий