Белгилүү сатирик Михаил Задорнов каза болду
Сатирик Михаил Задорнов дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Задорнов кызматташып келген РЕН ТВ кабарлады. Сатирик 69 жашта болгон.
Жазуучу онкологиядан жапа чегип жүргөн, баш мээсиндеги шишик рак илдети менен жабыркап дарылануу курсунан өтүп турчу. Июнда белгилүү болгондой, Задорнов пайдасыз жана жүдөтүүчү деп атаган мындай дарылануу процедуралардан, жакындарынын жанында болушу үчүн баш тарткан.
2016-жылдын күз мезгилинен тартып ал химиотерапиянын айынан ишин токтотуп турган. Ушул эле жылы октябрь айында чыгармачыл кече учурунда анын эпилептикалык талма оорусу кармап, жазуучуну тез жардам менен ооруканага алып кетишкен.
Задорнов өзү болсо дарты тууралуу түшүндүрмө берүүдөн баш тарткан. Ал муну маалымат каражаттарынын ашыкча көӊүлүн бурдурууну каалабагандыгы менен түшүндүргөн.
Ссылка: https://barometr.kg/content8539
Добавить комментарий ×