Нарында 8 жаштагы баланы коюп, качып кеткен айдоочу кармалды

10 ноября 2017 14:18 511 Barometr
Поделиться в:
ok

Нарын областына караштуу Жумгал районунда айдоочу 8 жаштагы баланы унаасы менен коюп кеткен. Бул тууралуу областык Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, жол кырсыгы кечээ, 9-ноябрда, болжол менен саат 14:00дө Чаек кыштагынын Матыев менен Айылчиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Жабыр тарткан бала ооруканага жаткырылып, ага медициналык жардам көрсөтүлгөн.

 

Буга байланыштуу баланын апасы милицияга арыз менен кайрылган. ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө посттор коюлуп, бардык жеке курам жана патрулдук милиция иштеген.

"Ошол эле күнү патрулдук милициянын кызматкерлери тарабынан автоунаа аныкталган. «Субару-Импреза» унаасынын айдоочусу 23 жаштагы А.М. аттуу жаран болгон. Ал ошол эле айылда жашайт. Азыркы тапта автомашина айып пул төлөнүүчү унаа жайына токтотулуп, бир катар экспертизалар даярдалды",- деп билдиришти милициядан.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8534



Добавить комментарий