Зилалиев: «Лысый жана Давыдов мөӊгүлөрү жоголуп баратат»
Поделиться в:
Кумтөр кенинде жайгашкан Лысый менен Давыдов мөӊгүлөрү жоголуп калды. Бул тууралуу бүгүн, Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талкуулоо боюнча өткөн тегерек стол жыйынында вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев билдирди.
Анын айтымында, буга карабастан Жогорку Кеӊештин токтому жана Жогорку соттун чечими бар. Аларга ылайык, мамлекеттик органдар Кумтөр кенинин үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылууга милдеттүү.
Д.Зилалиев мөӊгүлөр жылып түшүп баратат жана кендин иштөөсүнө кооптонуу жаратууда, андыктан мөӊгүлөрдү жүктөн бошотуу жүргүзүлүп жатат деп билдирди.
Ссылка: https://barometr.kg/content8528
Добавить комментарий ×