Алмазбек Атамбаев Брюсселде Бельгия королу менен жолугушат

15 февраля 2017 13:20 371 Barometr
Поделиться в:
ok

Президент Алмазбек Атамбаев Европага үчүнчү жолу расмий сапарга барганы турат. Мамлекет башчы алгач Бельгияга барат. Президенттин басма сөз кызматы билдирген боюнча ал Брюсселде Бельгия королу менен жолугушат. Президент ушул сапарынын алкагында Европа Биримдиктин башкы уюмдарынын жетекчилери менен жолугат. Анда кызматташтык боюнча жаңы макулдашуу талкууланат. 

Ссылка: https://barometr.kg/content852



Добавить комментарий