Картаюу процессин кантип жеӊсе болот? Адистер буга жооп табышты

10 ноября 2017 10:49 668 Barometr
Поделиться в:
ok

Америкалык окумуштуулар козу карындардан адамдын организмин картайбашы үчүн жарддам бере турган заттарды аныкташкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Организдин картаюу процесси менен күрөшүүдө эрготионеин жана глутатион деген антиоксиданттар керектелет. Алар кычкылдануу реакцияларында клеткалардын бузулушун нейтралдаштырат. Ал эми эгер клеткалар бузулганда алар картаюу процессине жана эркин радикалдарга жол ачат.

Америкалык адистер белгилегендей, мындай радикалдардын пайда болушуна онкологиялык жана жүрөк-кан тамыр оорулары, ошондой эле Алцгеймер дарты кошумча таасирин берет.

Окумуштуулар жегенге болгон козу карындын бардык түрлөрү пайдалуу деп айтканына карабастан, адистер көбүнчө ак козу карынды бөлүп көрсөтүшөт. Бирок шампиньондор дагы зарыл антиоксиданттарды бөлүп чыгарары аныкталган.

Мындан тышкары, козу карындарды термикалык иштетүүдөн өткөргөн күндө дагы алар пайдалуу касиеттерин жоготпойт.

Ссылка: https://barometr.kg/content8519



Добавить комментарий