Кайрат Нуртастын жубайы Жулдыз: «Кылаарга иши жок аялдар күйөөлөрүн тажатышат»
Казак ырчысы Кайрат Нуртастын аялы Жулдыз Абдукаримова Instagramдагы өзүнүн баракчасында жазылуучуларга ал бүгүнкү күнгө чейин коомчулукка көрүнбөй, белгилүү ырчынын көлөкөсүнө бекинген жашоого кантип чыдап жашап келгенин айтып жооп жазды.
А бирок Жулдыздын сыры өтө жөнөкөй – тагдырга наалып нааразы болууга, сагынууга анын таптакыр бош убактысы жок, анткени анын күндөрү абдан кызыктуу.
«Турмушка чыкканда кылаарга иши жок, көӊүлсүз аялдардын көпчүлүгү күйөөлөрүнө жумушуна телефон чалып, аларды жемелешет, тагдырына таарынышат, күйөөсүнөн кемчиликтерди издешет же аны өзгөртүүгө аракет кылышат. Анткени мындай аялдардын бош убактысы көп жана өздөрүнө нааразы. Качан силер карьера, достор менен баарлашуу, балдарды тарбиялоо, киного, кечки курстарга баруу же кайрымдуулук иштери менен алектенүү сыяктуу бир иш, бир нерсе менен алектенсеӊер анда силер күйөөӊөрдүн тынчын азыраак алат элеӊер», - деп жазган Жулдыз.
Белгилесек, ушул жылы 10-октябрда, Кайрат Нуртас алгачкы жолу жубайын коомчулукка алып чыгып көрсөткөн. Маалымат жыйынында ырчы мындан кийин күйөрмандарынан жеке жашоосун жашырбай турганын билдирген.
Ссылка: https://barometr.kg/content8499
Добавить комментарий ×