Парламент Казакстандын 100 миллион долларлык жардамынан баш тартууну чечти

9 ноября 2017 15:39 502 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 9-ноябрда, Жогорку Кеӊештин депутаттары өкмөттүн Казакстан менен 100 миллион доллар көлөмүндөгү жардам тууралуу макулдашууну денонсациялоо чечимин үчүнчү окууда карап чыгышты. Добуш берүүнүн жыйынытыгы боюнча жардамдан баш тартуу тууралуу чечимди 105 депутат колдоду.

Эске салсак, буга чейин 100 миллион доллар өлчөмүндөгү каражатты бөлүү создуккандыгы боюнча окуяны вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев айтып берген.

Түрдүү себептерден улам каржылоо 10 жылдан бери кечигип келет, акыркы жолу тараптарлар макулдашууга 2016-жылы кол коюну сүйлөшүшкөн. Анда бул акчаларды өлкөнүн аймактарында лабораторияларды курууга жумшоо пландалган болчу. Бирок сумма ал кезде 100 миллион доллар эмес, 41 миллион долларды түзгөн жана азыркыга чейин берилбей келет.

Эске салсак, экинчи окууда депуттаттар бул маселени жабык тартипте карап чыгышты.

Ссылка: https://barometr.kg/content8497



Добавить комментарий