Кыргызстанда күйүүчү майдын запасы эки жумага гана жетет
Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын запасы болгону эки жумага жетет. Бул тууралуу бүгүн, 9-ноябрда, Жогорку Кеӊештин жыйынында депутат Исхак Пирматов билдирди.
Депутат тактагандай, Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин өлкөгө күйүүчү-майлоочу майлар бажы салыгысыз келет. Бирок 12-ноябрдан баштап бир дагы вагон кире албай же Кыргызстандан чыга албай турат. «Жакында бир ай болот, а суюк отундун кору эки жумага эле жетет»,-деп кошумчалады ал.
Пирматов билдиргендей, эгер майды пошлина менен алып келсе бензин кымбаттайт.
"Өкмөт дагы, Нефтетрейдерлер бирикмеси дагы маалымат бербей жатышат. Баары эле эчтеке болбогондой түр көрсөтүшөт. Министрлик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат, бирок бул маселени вице-премьер-министрдин деӊгээлинде чечсе болот", - деди депутат.
Ал өкмөткө элге бензин кымбаттайт деп ачык айтууну сунуштады.
Ссылка: https://barometr.kg/content8492
Добавить комментарий ×