Ак үй ШЫБЫРТ: Жалаң кыздардын “кыздыгына” кызыккан кыргыз депутаты
Кыргызстан алакандай калк болгону менен кызыктарга бай. Ак үй тарапка көз чаптырып же кулак түрсөк укмуш төөсү жоргодон ашат.
Акыркы жылдары Жогорку Кеңештин эл арасында болгон аброю өтө төмөндөп, куудул Тынар Курбаналиев тарабынан эл өкүлдөрү 120 кой аталса, атактуу саясатчы айым Чолпон Жакыпова Жогорку Кеңештин депутаттарын, чоң жыйында "депутаттар жатып беришти, эми сатып беришет"- дегени эсибизде. Бул тууралуу NazarNews.kg сайты жазып чыкты.
Так ошол Жогорку Кеңеште, орун-орчундуу, тепсе термелбеген саясатта өзүнүн орду бар акылдуу эл өкүлдөрүн санасаң баш бармактан, чыпалакка жетпейт. Тилекке каршы, акыркы жылдары Ак үйдүн имаратына башы барлар эмес, акчасы барлар тоодой үйүлүп, ачык сөздү айта албай Жогорку Кеңештин жыйынында томсоруп олтургандары толтура.
Баса, бизге жеткен маалыматтарга таянсак, ушул таптагы Жогорку Кеңештин бир депутаты “айгыр” экен. Дегенибиз, жалаң гана жапжаш мөлтүрөгөн кыздардын “кыздыгына” кызыгат деп уктук. “Кыздыкка” көзү кызарган эл өкүлү, “кыздыгы” бар кыздар менен гана жатып, бир түнгө 2 000 (эки миң) же 3 000(үч миң) АКШ долларын сарптайт. Мына сага, акчанын көптүгү, депутаттын "айгырдыгы".
Урматтуу “айгыр” эл өкүлү, макаланы окуп туруп чоочуп кеттишиңиз мүмкүн. Үй-бүлөөңүздүн кызыкчылыгы үчүн “аты-жөнүңүз аноним” болуп кала берет. Акчаңыз анчалык көп болсо, кыйынчылык менен араң жашап жаткандарга, нанга акча берсеңиз “сооп” болот беле дейбиз да. Калганы өзүңүздүн ишиңиз...Көп тамак жесең деле кекире бересиң, “секире” бергендин деле тиги дүйнөдө зыяны көп дешет го молдокелер...
Ссылка: https://barometr.kg/content8482
Добавить комментарий ×