9 жаштагы кыз оор дарт менен күн сайын күрөшүп келүүдө

9 ноября 2017 09:30 753 Barometr
Поделиться в:
ok

Казакстандын Кызылордо шаарында жашаган тогуз жаштагы кыз оор дарт менен күрөшүп келет. Анын салмагы жыл сайын кошулуп турат, учурда кыздын салмагы 70 кг ашып баратат. Бул тууралуу КТК телеканалы билдирди.

Гормоналдык бузуулур менен коштолгон мындай оорунун кесепетинен улам тогуз жаштагы Дилназ Абдихалыкова жашоосун майып крселосунда өткөрүп келет.

Дилназ жөн гана сыртка чыгып сейилдөөнү кыялданат, бирок ата-энелери аны үйдөн чыгаруу күндөн-күнгө оор болуп баратканын айтышат.

Учурда кыздын нормалдуу салмактан 40 кг жогору.

«Салмак күн сайын кошулуп жатат. Аны киринтүү, сууга түшүрүү, эшикке алып чыгуу кыйын эле болуп калды. Биз мурун ходунокторго отургузучу элек эми азыр кызым ага да батпай калды. Кыймылсыз эле отура берет», – дейт кыздын апасы Гулнар Абдихалыкова.

Кызга дарыгерлер тубаса гидроцефалия, симптоматикалык талма, сол жак тарабынын кыймылдоосу жоголгон, көзүнүн көрүүсү начар деген аныктама беришкен.

Атамекендик дарыгерлер кыздын ата-энесине үмүт бербей калышты.

«Дилназ 2008-жылдан бери учетто турат. Буга чейин ага эки операция жасалган. Биз колубуздан келген бардык жардамдарды кылып жатабыз», – дейт дарыгер Жазира Ережепова.

Дилназдын ден соолугун калыбына келтирүүчү жабдык Түркияда бар. Бирок дарыланууга болжол менен 5,2 миӊ доллар каражат керектелет. Ал эми кыздын апасында мындай каражат жок, Гулнар Дилназды жалгыз тарбиялап келет.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8471



Добавить комментарий