Кемин районунда эркек киши 50 жаштагы аялды мууздап салган

8 ноября 2017 18:07 961 Barometr
Поделиться в:
ok

Кемин районунда адам өлтүрүүгө шектелип эркек адам колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Чүй областык Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан маалымдашты.

6-ноябрда болжол менен кечки саат сегиз жарымдарда Кемин районунун Ички иштер бөлүмүнө аймактык ооруканадан бычактан жаракат алган европа улутундагы, болжол менен 30-35 курактагы аял келип түшкөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн.

Маалымдалгандай, аял бычактан алган жарааттарынан улам эсине келбей көз жумган. Ошондой эле милиция кызматкерлери тарабынан маркумдун өздүгү аныкталган: А.О. аттуу жаран 50 жашта болгон.

Факт боюнча КРдын Кылмыш кодексинин адам өлтүрүү беренеси боюнча иш козголду.

Изи сууй электе бир нече ирет соттолгон 59 жаштагы Л.С. аттуу жергиликтүү тургун кармалган. Текшерүүнүн жүрүшүндө жарандан өзгөчө жыты бар жашыл түстүү 116 грамм салмактагы зат табылган.

Бардык керектүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, иликтөө уланууда.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8466



Добавить комментарий