Айнаш Токбаева Чүй облусунун Төрагаларына, орун басарларына жана судьяларга кеңешме өттү
Кеңешмеге Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жергиликтүү сотторунун төрагалары, орун басарлары жана судьялары катышышты. Бишкек шаардык сотунун жана Чүй облустук сотунун соттук коллегияларынын төрагалары 2016-жылдагы соттордун ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары тууралуу баяндамалары менен бирге коллегияларга келип түшкөн иштердин санына да токтолушту. Төрайым соттордун ишмердүүлүгү жөнүндө билдирүүлөрдү угуп, сот адилеттигин ишке ашырууда бирдей тажрыйбага жетишүүгө, процессуалдык нормаларды сактоо, коррупцияга жол бербөө, судьялар менен сот кызматкерлеринин тараптар менен байланышка барбоосун айтып көптөгөн маселелерге токтолду.
Ссылка: https://barometr.kg/content846
Добавить комментарий ×