"Таза Коомдун" жумушчу тобу Nippon Signal Co., Ltd компаниясы менен жолугушту

8 ноября 2017 13:08 511 Barometr
Поделиться в:
ok

"Таза Коом" долбоорунун жумушчу тобу Nippon Signal Co., Ltd ишканасы менен жолугушту жана Fujitsu Limited компаниясынын санариптик трансформация борборуна барды. Анда Кыргызстанда санариптик долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Бул тууралуу КРдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Nipponдун өкүлдөрү “Таза Коом” Улуттук санариптик трансформация программасынын алкагында долбоорго катышууга кызыкдар экенин билдиришти. Тараптарлар Smart City долбоорунун өзгөчөлүктөрү тууралуу кененирээк талкулашты.

Fujitsu Limited компаниясы өз кезинде каржы отчеттуулуктун тазалыгын жогорулатуу интеллектуалдык система жаатында акыркы иштеп чыгууларды сунуштады.

Жыйынтыгында аталган япониялык компаниялар программанын алкагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана аныктоо максатында кыргыз өнөктөштөр менен чогуу кеӊешмелерди улантуу ниетин билдиришти.

Ссылка: https://barometr.kg/content8454



Добавить комментарий