Бишкекте мөӊгү мыйзамына каршы митинг өттү

8 ноября 2017 12:53 518 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 8-ноябрда, Жогорку Кеӊештин имаратынын жанында Суу кодекс ине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө каршы митинг өттү. Ага 40тай адам чогулду. Алар парламент жана президенттен Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизбөөнү талап кылышты. Ошондой эле алар кен казуу үчүн мөңгүлөрдү жок кылууга уруксат берүү боюнча өкмөттүн сунушун сынга алышты.  Белгилесек, бүгүн бул мыйзам долбоору парламентте каралат. "Биздин укук" бирикмесинин башчысы Калича Өмүралиева мындай нерсе экологиялык кыйроого алып келет деп болжоодо.

Белгилесек, азыркы редакция көмүр, күл, май жана мөӊгүлөрдүн эришин тездеткен башка заттарды колдонуу менен ишмердүүлүктү жүргүзүүгө тыюу салат.

Ссылка: https://barometr.kg/content8452



Добавить комментарий