Учак бейбаш жүргүнчүнүн айынан шашылыш конууга туура келген

8 ноябрь 2017 12:03 1101 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Иранда жашаган үй-бүлө эмгек өргүүсүнө чыгып Балиге эс алууга учуп баратканда кокустан Индиядан токтоого туура келген. Аткени аялы күйөөсү анын көзүнө чөп салып жүргөнүн учакта учуп баратып билип калган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Учак, аял күйөөсүнүн бул кылыгын угуп билгенден кийин Индияда конууга мажбур болгон. Аял укап жаткан жолдошунун телефонун блокировкадан чыгарып текшерген учурда күйөөсү башка аял менен мамиле куруп жүргөнү тууралуу далилдерди таап алган.

«Мындай чатак окуя базар күнү эртеӊ менен болгон. Qatar Airways QR-962 (Доха-Бали) учагы, пилот борттогу бейбаш жүргүнчү аял тууралуу кабар бергенден кийин Ченнайга багыт алган.

Аялы, күйөөсү жана баласы Индияда калып калышкан, ал эми учак болсо жолун улам андан ары учуп кеткен. Маалымдалгандай, борт коштоочулар ал аялды такыр өзүнө келтире алышкан эмес, жүргүнчү эч кимисине баш ийбей койгон.

Бул үй-бүлө ошентип Ченнаидеги аэропортто күн өткөргөн жана Куала-Лумпурга учкан. Аларга эч кандай айып тагылган эмес.

Ссылка: https://barometr.kg/content8447



Добавить комментарий