Чүй каналына унаасы менен кулап кеткен үй-бүлөнүн ичинен атасы менен баласы каза болду

8 ноября 2017 10:18 743 Barometr
Поделиться в:
ok

Чүй областындагы Аламүдүн районунда болгон жол кырсыгынан улам эки адам каза тапты. Бул тууралуу КРдын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

7-ноябрда, кечки саат тогуздарда бишкектик куткаруучулар окуя болгон жерге барышкан. Анда ГЭС-5 менен Жер-Казар айылынын ортолорунда Чоӊ Чүй каналына «ПЕЖО» автоунаасы кулап кеткен.

Куткаруучулар келгенге чейин айдоочунун аялы Т.Р. (1977-жылы туулган) жана анын уулу (1999-жылы туулган) Т.И., кызы (2012-жылы туулган) Т.А. жаракат алган эмес, алар өз алдынча унаанын ичинен чыгып кетишкен.

Окуя болгон жерден (1975-жылы туулган) Т.Т. аттуу айдоочу жана анын уулу (2011-жылы туулган) Т.Т. аттуу жаран каза табышкан. Куткаруучулар унааны суудан алып чыгып, маркумдардын сөөгүн милиция кызматкерлерине тапшырган.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8436



Добавить комментарий