Атамбаев Кыргызстан менен Россия элдеринин достугунун жаңыланган борбордук скверин ачты
Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 7-ноябрда, Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө байланыштуу Кыргызстан менен Россия элдеринин достугунун монументинин айланасындагы жаңыланган борбордук скверди ачты.
1974-жылы ачылган жана кыргыз жана орус элдеринин достугунун символу болгон Кыргызстандын Россиянын курамына киргендигинин 100 жылдыгынын урматындагы Элдер достугунун монументи Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан.
Мамлекет башчысы буга чейин Президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунан Элдер достугу монументин жана Ала-Тоо аянтынын Чүй проспектиндеги канатташ жайгашкан сквердин территориясын көрктөндүрүүгө 3 111 000 (үч миллион жүз он бир миң) сом бөлгөн.
Ссылка: https://barometr.kg/content8426
Добавить комментарий ×