Путин өкмөткө Өзбекстан менен курал-жарак тууралуу сүйлөшүүнү тапшырды
Поделиться в:
Орусиянын президенти Владимир Путин өкмөткө аскер багытындагы продукциялардын максаттуу пайдаланылышын көзөмөлдөө тартиптери тууралуу макулдашууга кол коюу боюнча Өзбекстан менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү тапшырды. Орусия лидеринин мындай буйругу өлкөнүн укуктук маалыматтар сайтына жарыяланды. Бул тууралуу Борбор Азия кабарлар кызматы билдирди.
Буйрукка ылайык, сүйлөшүүлөрдөн кийин Орусия өкмөтүнө макулдашууга кол коюу чечимин кабыл алуу тапшырылды.
Орусия менен Өзбекстандын ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтык тууралуу келишимге 2016-жылы 29-ноябрда Москвада кол коюлган. Документ аскердик багыттагы продукцияларды өз ара жеткирүү тартиптерин аныктайт.
Ссылка: https://barometr.kg/content8420
Добавить комментарий ×